SlideShare uma empresa Scribd logo
1 de 16
Baixar para ler offline
www.iom.int
АДАМДАРДЫ САТУУДАН
САК БОЛУӉУЗ!
Адам сатуу – бул глобалдык масштабдагы
кылмыш болуп эсептелет. Ал белгилүү
өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон
керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык
эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук,
күнкордук жана түрдүү курмандыктарга
айлантуу менен бүтөт.
Адам сатуу деген түшүнүк өзүнө
төмөндөгүлөрдү камтыйт:
Жалдоо, транспортировкалоо, адамдарды
өткөрүп жиберүү жана өткөрүп алуу. Адам
сатуучулар курмандыктарды бекем кармоо
үчүн түрдүү кыйноолорду колдонушат.
Адам сатуунун негизги максаты киреше
табуу болуп эсептелет.
Адам сатуу – бул адам укугун бузуу.
Адам сатуу – бул дүйнөнүн ар
бир өлкөлөрүндө орун алган, көп
миллиарддаган оборотторду жүгүртүүчү,
уюмдашкан кылмышкерликти колдогон
криминалдык аракет.
Адам сатуу азыр деле бар.
БУЛ КАНДАЙ УГУЛАТ?
Чет өлкөдө иштөө үчүн чакырган сунуштар өтө
кызыгарлык болсо, айрыкча сак болгула.
Алар: «Силерден эч нерсе талап кылынбайт,
квалификациянын, акчанын деле кереги жок. Бардыгын
өзүбүз уюштурабыз. Биз менен барып эле бергиле» – дешет.
Сизге жумуш абдан керекпи? Силердин өлкөдө
жумуш табуу кыйынбы? Башка өлкөгө барууну
пландаштырдыңыз беле?
Эгер андай болсо, өзүңөрдүн укугуңар жөнүндө билгиле,
сурагыла жана
К Ы Р А А К Ы
Б О Л Г У Л А
Максат
Максат жергиликтүү газеталардан жарыяларды карап, иш издеп
жүргөн. Ишке орноштуруу боюнча бир агенттик «Чет өлкөдө
эң көп акы төлөнүүчү жумуш» сунуш кылган жарыяны окуп,
көрсөтүлгөн номер боюнча телефон чалат.
«Ооба, бизде жакшы жумуштар көп»  – деп жооп берет
телефондон. Максат ал жакта иштөө үчүн эмне керек экендигин
сураганда алар: «Эч нерсенин кереги жок. Сиздин каалооңуз
гана жетиштүү, тынчсызданбай эле коюңуз, бардыгын өзүбүз
төлөйбүз».
Бул сүйлөшүүгө Максат шектүү карап КР Миграция жана
жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине аталган агенттик
жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылды. Алар бул агенттиктин
мыйзамсыз экендигин, алар эркектерди жалдап чет өлкөгө
жеткирүү менен акысыз эң оор жумуштарды иштөөгө мажбурлай
тургандыгын айтышты. Максат агенттиктин жөн жайын тактап
билип алганына абдан ыраазы болду.
«Сактанганды кудай сактайт» – деген ушул эмеспи.
АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
АЛАР КАНТИП
ЖАЛДАШАТ?
СУРАГЫЛА
Жеңил эле жумуш үчүн абдан көп
өлчөмдөгү акы төлөнөт – деп айтышат.
Жол киреңерди жана жашаганыңар үчүн
акыны өздөрү төлөөгө убада кылышат.
«Бизге ал акчаны кийин бересиңер, жакшы
жашоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдон
чыгарбагыла!» – деп азгырышат.
ГУЛЯ жана ГУЗЕЛ
Гуля менен Гузел борборго окууга келишкен. Бир күнү кечинде
дискотекага барышты. Бийден кийин алардын жанына жакшы
кийингенэркекжанааялбасыпкелиштида«Кыздаришкеорношот
белеңер?» – деп сурашты. Жакшы бийлейт экенсиңер. Бара-бара
мыкты бийчи болуп кетишиңер ыктымал. Бул үчүн биз жардам
беребиз. Чет өлкөдө иштейсиңер. Көп акча табасыңар. Эгер
кааласаңар бизге чалгыла» – деп телефон номерин калтырышат.
Гуля буга көңүл бурган жок. Ал эми Гузел кызыгып калды. Бир
нече жумадан кийин Гузел теңтушуна мактанды: «Көрдүңбү, мен
самолётко билет алдым, чет өлкөгө иштөөгө жөнөйм».
Бир айдан кийин Гуляга СМС билдирүү келет. «Мага жардам
бер. Алар менин документтеримди алып коюшту. Уруп-сабап
иштетип, мага кул сыяктуу мамиле жасашууда».
ГуляГузелдината-энесинебултууралуубилдирди.Алармилицияга
кайрылышты. Милициядан Гузел адам сатуунун курмандыгы
экендигин, жардам берүү өтө оор боло тургандыгын айтышты.
АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
«Алар менин досторум жана мага жамандык
каалашпайт. Алар мага жардам бергилери
келип жатат».
Кээде адамдар айласы кеткен учурда,
карызга малынганда досчулук, тууганчылык
байланыштарын пайдаланышат.
Көп учурларда аларды достору, тааныштары,
туугандары, кошуналары, кээде мурдагы
адам сатуунун курмандыктары жалдашат.
БУЛЖЕРДЕ
ЭМНЕГЕДИР
...БҮДӨМҮК
ОЙЛОНГУЛА
Руслан
Руслан автослесарь болуп иштөөчү. Алган эмгек акысы чакан
болсо да, эң кымбат джипти минүүгө кыялданчу. Качан гана анын
аталаш тууган агасы ал жактырып жүргөн үлгүдөгү автомашина
айдап келгенде: «Эх, ушундай машинам болсо»  – дейт ал,
суктанганын ичине батыра албай.
«Каалайсыңбы, сен ал, мен белек кылам»  – дейт агасы. Руслан
мындай берешендикке ишене албай турса да, машинаны алууга
макул болот. Эми машинанын рулуна отурган сайын ал өзүн
укмуштай сезет.
Бир канча убактардан кийин баягы агасы Русланга мындай өтүнүч
менен кайрылды. «Сен менин досума барып, анын устаканасында
иштеп жардам бере аласыңбы?» Руслан баягыдан кийин ал
агасынын кандай сунушу болсо да кабыл алууга даяр эле. Ал
жумушунан бошонуп, коңшу өлкөгө иштөөгө жөнөдү. Бараары
менен эле анын документтерин алып коюшту. Күн сайын акысыз
14 сааттан иштейт. Иштөө шарты оор. Кыңк этсе уруп-токмоктоп
иштетишет. Ден соолугу начарлай баштады. Ошондо: «Эх, баягы
машинаны албай койгонумда...» – деп ойлоду.
Үч жылдан кийин ал кулдуктан кутулуп, эптеп качып үйүнө келди.
Гаражын ачып караса, баягы кымбат баалуу джип машинасынын
дайыны да жок.
АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
КАРАҢЫЗДАР
Так болуңуздар
Адам сатуунун курмандыктары эркектер, аялдар жана балдар да
болушу мүмкүн. Аларды курулуштарда иштетүү үчүн, айыл чарба,
үй-тиричилик жумуштарында жана секс кызматын аткартуу үчүн
жалдашат. Адам сатуунун курмандыктарынын көпчүлүгү жаш
келин-кыздар болушат. Соодагерлер алардын ишенчээктигинен,
жумушунун жоктугунан, мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишсиздигинен
пайдаланышат.
Адам сатуунун курмандыктары кожоюнга карыздарынан кутулуу
үчүн көп убактарда башка аялдарды жалдашат.
Наташа
Наташа чет өлкөлүккө күйөөгө чыгууга кыялданчу. Ал чет элдик
эркектер ырайымдуу, жагымдуу деп ойлой турган. Чет мамлекетке
барууга акчасы жок болгондуктан нике агенттигине кайрылууну
чечти. Алар Наташанын сүрөтүн интернет-сайтка жайгаштырууга
жардам беришти. Көп өтпөй эле Наташанын дарегине тышкы
кейпи татына эркек кишинин сүрөтү менен кат келди. Аты
Ричард экен. Кат алышып турушту. Тез эле Ричард Наташа менен
кезигишүүнү каалаганын билдирген. Нике агенттиги болсо,
Наташанын Ричард менен никелешүүгө жакшы мүмкүндүгү
түзүлгөндүгүн, жол жүрүүгө байланыштуу чыгымдардын бардык
милдетин өз моюндарына ала тургандыктарын айтышты.
Наташа виза алып, Ричардга барууга даяр болуп калган. Кокусунан
эле газетаны барактап олтурса, бир статья көзүнө чалдыгат.
Анда сексуалдык эзүү үчүн аялдарды жалдоочу жашырын
агенттиктердин тизмеси жарыяланыптыр. Тизмеде Наташаны
Ричард менен тааныштырган агенттик да жүрөт. Наташа көргөн
көзүнө ишенбей, үрөйү учту.
Көрсө эч кандай Ричард деле жок экен.
АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
Эч ким кулдук эзүүгө дуушар болууга акысы жок, өмүр бою кыйналуу
менен жашоо өткөрүүгө тийиш эмес. Башка бирөөлөрдүн азап чегүүсүнө
көз жумбагыла.
Эсиңерде болсун: адамдарды сатуунун курмандыктары арабызда эле
жүрүшү мүмкүн. Алар бизге жанаша айыл чарба жумуштарында акысыз,
күн-түндөп иштеп жатышкандыр, балким коомдук жайларда аялдарга
өтө одоно мамиле кылуунун күбөсү болгондурсуз, ошол аял адамдарды
сатуунун курмандыгы болуп жүрбөсүн. Көптөгөн аялдар адамдарды
сатуунун курмандыктары болушу ыктымал жана аларды сойкулукка
мажбурлашат.
Зомбулукка көңүл бурбоо  – бул макул болуу дегендик. Мындайларды
коргоого алгыла! Кимдир бирөөлөргө кул сыяктуу мамиле кылып
жатканын байкасаңар, жергиликтүү бийликке кабарлагыла.
ЖАРДАМ БЕРҮҮ
ҮЧҮН КОЛ СУНГУЛА
АРАКЕТТЕНИҢИЗ
Азиз
Азиз жана аялы өз квартирасында көп жылдардан бери жашашчу.
Ошондуктан аларга кошуна болуп жаңы келген эркек адам шектүү
өңдөнүп, ага көңүл буруп калышты. Ошол күндөн баштап Азиз эшик
алдынан ары-бери өткөндө чоочун адамдарды да көп кездештирип
жүрөт. Күндөрдүн биринде түнкүсүн Азизге ыйлаган аялдын үнү
угулат. Эшиктин жылчыгынан караса, жаңы кошуна адам бир
кызды оозун жаап уруп жатканын көрөт. Азиз тиги кишинин кызга
ырайымсыз мамиле кылганын көрүп туруп чыдай албайт, бирок
чоочун адамдар менен чатакташуудан да коркот.
Эртеси Азиз түндөсү көргөндөрдү ойлонуп бушайман болуп
чыгат. Тиги кыз ким болду экен? Ага жардам берүү колуман
келеби? Азиз чынчыл, түз жүргөн адам. Анын да кызы бар.
Түндөсү көргөнү тууралуу аялына айтып, экөө кеңешти да,
бул иш боюнча жардамга келүүнү чечишти. Алар адам сатуу
курмандыктары жөнүндө борбордук көчөлөрдүн биринде
илинип турган жарыя тактасынан «Түз байланыш» кызматынын
телефон номерин эстешти.
Азиз «Түз байланыш» номерине чалды да, көргөн билгендеринин
баарын кабарлады. «Кабарлаганыңызга рахмат, жардамдашуунун
жолдорун табабыз» – деди түз байланыш менен угуп жаткандар.
Азиздин жашыруун билдирүүсү ошол түнү качууга аракет кылып
жабыр тарткан кыздын гана эмес, ошол квартирада зомбулук
менен кармалып турган дагы 6 кыздын өмүрүн сактап калды.
Кыздардын бардыгы сексуалдык эксплуатация максатында адам
сатуунун курмандыгы болушкан. Азиз мындай ишке жардам
бере алгандыгына ыраазы.
1Чет өлкөдө иштөө үчүн мага колдонуудагы
паспорт жана жумуш визасы керекпи?
Эгер сиз чет өлкөдө иштөөгө ниеттенсеңиз, колдонуудагы
паспорт жана жумуш визасы сөзсүз керек. Бирок,
колдонуудагы паспорт жана жумуш визасы сизге адам
сатуу курмандыгы болбостугуңузга кепилдик боло албайт
2
«Менин эмгек келишимим даяр, адам сатуу
курмандыгы болуу коркунучунан алысмын»
деген – тобокелчилик.
Адам сатуунун ар кандай жолдору бар. Ошондуктан эгер
сиз келишимге кол койсоңуз деле, ал сиздин адам сатуу
курмандыгы болбостугуңуз үчүн кепилдик боло бербейт.
3
Ар дайым сизге жумуш сунуштаган
агенттиктин документтеринин,
лицензиясынын, нактыгын текшергиле.
Сизге жумуш сунуш кылган агенттиктин
мыйзамдуулугун текшергиле.
ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ЖУМУШ ИЗДӨӨ УЧУРУНДА,
ӨЗҮҢДҮ КООПСУЗДУКТАН КАНТИП САКТОО КЕРЕК?
АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
4
Cuз чет өлкөдө ишке орноштурууну жөнгө
салуучу мамлекеттик органдар менен
байланыштыңызбы?
5Ушул брошюранын аркы бетиндеги
телефондорго көңүл буруңуз.
6
Эгер Сизге кокусунан жардам же консультация
керек болуп калса, Сиз барып иштөөнү
пландаштырып жаткан өлкөдөгү биздин
өлкөнүн Элчилигинин жана Өкүлчүлүгүнүн
телефон номерлери бар.
7
Сиздин келишимдин, паспорттун
көчүрмөлөрүн, ошондой эле өзүңүздүн акыркы
түшкөн сүрөттөрдү үй-бүлө мүчөлөрүнө
калтырууну унутпаңыз.
8
Эгерде сиз бирөөнүн кулу катары эзүүгө
туш болушунан шек санасаңыз, тиешелүү
органдарга токтоосуз кайрылыңыз.
ЧЕТ ӨЛКӨДӨ МЫЙЗАМДУУ ТҮРДӨ ИШКЕ
ОРНОШУУДА ЖОЛУҢУЗ БОЛСУН!
АРАКЕТТЕНИҢИЗ
Kөптү бил, телефон чал:
189
0 800 0000 189

Mais conteúdo relacionado

Mais de Sergey

PRодвижение
PRодвижение PRодвижение
PRодвижение Sergey
 
Новые медиа для ОНС
Новые медиа для ОНСНовые медиа для ОНС
Новые медиа для ОНСSergey
 
Творческая Мастерская
Творческая МастерскаяТворческая Мастерская
Творческая МастерскаяSergey
 
SunHouseHostel Karakol new media promotion
SunHouseHostel Karakol new media promotionSunHouseHostel Karakol new media promotion
SunHouseHostel Karakol new media promotionSergey
 
Деятельность МОМ в Кыргызстане
Деятельность МОМ в КыргызстанеДеятельность МОМ в Кыргызстане
Деятельность МОМ в КыргызстанеSergey
 
Global Press Freedom 2013
Global Press Freedom 2013Global Press Freedom 2013
Global Press Freedom 2013Sergey
 
Важные тренды в новостных медиа 2013
Важные тренды в новостных медиа 2013Важные тренды в новостных медиа 2013
Важные тренды в новостных медиа 2013Sergey
 
User Generated Content
User Generated ContentUser Generated Content
User Generated ContentSergey
 
Миграционная ситуация в Кыргызстане
Миграционная ситуация в КыргызстанеМиграционная ситуация в Кыргызстане
Миграционная ситуация в КыргызстанеSergey
 
QR коды в Бишкеке
QR коды в БишкекеQR коды в Бишкеке
QR коды в БишкекеSergey
 
Дошкольное образование в Кыргызстане
Дошкольное образование в КыргызстанеДошкольное образование в Кыргызстане
Дошкольное образование в КыргызстанеSergey
 
OLPC Kyrgyzstan NDEX solutions
OLPC Kyrgyzstan NDEX solutionsOLPC Kyrgyzstan NDEX solutions
OLPC Kyrgyzstan NDEX solutionsSergey
 
Интернет в каждую школу Кыргызстана
Интернет в каждую школу КыргызстанаИнтернет в каждую школу Кыргызстана
Интернет в каждую школу КыргызстанаSergey
 
Human Rights in KG
Human Rights in KGHuman Rights in KG
Human Rights in KGSergey
 
Печа-куча
Печа-кучаПеча-куча
Печа-кучаSergey
 
Вестник программы по миграции в ЦА и России
Вестник программы по миграции в ЦА и РоссииВестник программы по миграции в ЦА и России
Вестник программы по миграции в ЦА и РоссииSergey
 
Информационный вестник МОМ в ЦА
Информационный вестник МОМ в ЦАИнформационный вестник МОМ в ЦА
Информационный вестник МОМ в ЦАSergey
 
IOM CA June newsletter
IOM CA June newsletterIOM CA June newsletter
IOM CA June newsletterSergey
 
Enhancing Partnership of Central Asian Countries in Combating Human Trafficking
Enhancing Partnership of Central Asian Countries in Combating Human TraffickingEnhancing Partnership of Central Asian Countries in Combating Human Trafficking
Enhancing Partnership of Central Asian Countries in Combating Human TraffickingSergey
 
Regional dialogue's recommendations (IOM)
Regional dialogue's recommendations (IOM)Regional dialogue's recommendations (IOM)
Regional dialogue's recommendations (IOM)Sergey
 

Mais de Sergey (20)

PRодвижение
PRодвижение PRодвижение
PRодвижение
 
Новые медиа для ОНС
Новые медиа для ОНСНовые медиа для ОНС
Новые медиа для ОНС
 
Творческая Мастерская
Творческая МастерскаяТворческая Мастерская
Творческая Мастерская
 
SunHouseHostel Karakol new media promotion
SunHouseHostel Karakol new media promotionSunHouseHostel Karakol new media promotion
SunHouseHostel Karakol new media promotion
 
Деятельность МОМ в Кыргызстане
Деятельность МОМ в КыргызстанеДеятельность МОМ в Кыргызстане
Деятельность МОМ в Кыргызстане
 
Global Press Freedom 2013
Global Press Freedom 2013Global Press Freedom 2013
Global Press Freedom 2013
 
Важные тренды в новостных медиа 2013
Важные тренды в новостных медиа 2013Важные тренды в новостных медиа 2013
Важные тренды в новостных медиа 2013
 
User Generated Content
User Generated ContentUser Generated Content
User Generated Content
 
Миграционная ситуация в Кыргызстане
Миграционная ситуация в КыргызстанеМиграционная ситуация в Кыргызстане
Миграционная ситуация в Кыргызстане
 
QR коды в Бишкеке
QR коды в БишкекеQR коды в Бишкеке
QR коды в Бишкеке
 
Дошкольное образование в Кыргызстане
Дошкольное образование в КыргызстанеДошкольное образование в Кыргызстане
Дошкольное образование в Кыргызстане
 
OLPC Kyrgyzstan NDEX solutions
OLPC Kyrgyzstan NDEX solutionsOLPC Kyrgyzstan NDEX solutions
OLPC Kyrgyzstan NDEX solutions
 
Интернет в каждую школу Кыргызстана
Интернет в каждую школу КыргызстанаИнтернет в каждую школу Кыргызстана
Интернет в каждую школу Кыргызстана
 
Human Rights in KG
Human Rights in KGHuman Rights in KG
Human Rights in KG
 
Печа-куча
Печа-кучаПеча-куча
Печа-куча
 
Вестник программы по миграции в ЦА и России
Вестник программы по миграции в ЦА и РоссииВестник программы по миграции в ЦА и России
Вестник программы по миграции в ЦА и России
 
Информационный вестник МОМ в ЦА
Информационный вестник МОМ в ЦАИнформационный вестник МОМ в ЦА
Информационный вестник МОМ в ЦА
 
IOM CA June newsletter
IOM CA June newsletterIOM CA June newsletter
IOM CA June newsletter
 
Enhancing Partnership of Central Asian Countries in Combating Human Trafficking
Enhancing Partnership of Central Asian Countries in Combating Human TraffickingEnhancing Partnership of Central Asian Countries in Combating Human Trafficking
Enhancing Partnership of Central Asian Countries in Combating Human Trafficking
 
Regional dialogue's recommendations (IOM)
Regional dialogue's recommendations (IOM)Regional dialogue's recommendations (IOM)
Regional dialogue's recommendations (IOM)
 

Алдамчыдан сактан! 189 чал!

  • 2. Адам сатуу – бул глобалдык масштабдагы кылмыш болуп эсептелет. Ал белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык эксплуатация, мажбурлап иштетүү, кулдук, күнкордук жана түрдүү курмандыктарга айлантуу менен бүтөт. Адам сатуу деген түшүнүк өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт: Жалдоо, транспортировкалоо, адамдарды өткөрүп жиберүү жана өткөрүп алуу. Адам сатуучулар курмандыктарды бекем кармоо үчүн түрдүү кыйноолорду колдонушат. Адам сатуунун негизги максаты киреше табуу болуп эсептелет. Адам сатуу – бул адам укугун бузуу. Адам сатуу – бул дүйнөнүн ар бир өлкөлөрүндө орун алган, көп миллиарддаган оборотторду жүгүртүүчү, уюмдашкан кылмышкерликти колдогон криминалдык аракет. Адам сатуу азыр деле бар.
  • 3.
  • 4. БУЛ КАНДАЙ УГУЛАТ? Чет өлкөдө иштөө үчүн чакырган сунуштар өтө кызыгарлык болсо, айрыкча сак болгула. Алар: «Силерден эч нерсе талап кылынбайт, квалификациянын, акчанын деле кереги жок. Бардыгын өзүбүз уюштурабыз. Биз менен барып эле бергиле» – дешет. Сизге жумуш абдан керекпи? Силердин өлкөдө жумуш табуу кыйынбы? Башка өлкөгө барууну пландаштырдыңыз беле? Эгер андай болсо, өзүңөрдүн укугуңар жөнүндө билгиле, сурагыла жана К Ы Р А А К Ы Б О Л Г У Л А
  • 5. Максат Максат жергиликтүү газеталардан жарыяларды карап, иш издеп жүргөн. Ишке орноштуруу боюнча бир агенттик «Чет өлкөдө эң көп акы төлөнүүчү жумуш» сунуш кылган жарыяны окуп, көрсөтүлгөн номер боюнча телефон чалат. «Ооба, бизде жакшы жумуштар көп»  – деп жооп берет телефондон. Максат ал жакта иштөө үчүн эмне керек экендигин сураганда алар: «Эч нерсенин кереги жок. Сиздин каалооңуз гана жетиштүү, тынчсызданбай эле коюңуз, бардыгын өзүбүз төлөйбүз». Бул сүйлөшүүгө Максат шектүү карап КР Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетине аталган агенттик жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылды. Алар бул агенттиктин мыйзамсыз экендигин, алар эркектерди жалдап чет өлкөгө жеткирүү менен акысыз эң оор жумуштарды иштөөгө мажбурлай тургандыгын айтышты. Максат агенттиктин жөн жайын тактап билип алганына абдан ыраазы болду. «Сактанганды кудай сактайт» – деген ушул эмеспи. АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
  • 6. АЛАР КАНТИП ЖАЛДАШАТ? СУРАГЫЛА Жеңил эле жумуш үчүн абдан көп өлчөмдөгү акы төлөнөт – деп айтышат. Жол киреңерди жана жашаганыңар үчүн акыны өздөрү төлөөгө убада кылышат. «Бизге ал акчаны кийин бересиңер, жакшы жашоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбагыла!» – деп азгырышат.
  • 7. ГУЛЯ жана ГУЗЕЛ Гуля менен Гузел борборго окууга келишкен. Бир күнү кечинде дискотекага барышты. Бийден кийин алардын жанына жакшы кийингенэркекжанааялбасыпкелиштида«Кыздаришкеорношот белеңер?» – деп сурашты. Жакшы бийлейт экенсиңер. Бара-бара мыкты бийчи болуп кетишиңер ыктымал. Бул үчүн биз жардам беребиз. Чет өлкөдө иштейсиңер. Көп акча табасыңар. Эгер кааласаңар бизге чалгыла» – деп телефон номерин калтырышат. Гуля буга көңүл бурган жок. Ал эми Гузел кызыгып калды. Бир нече жумадан кийин Гузел теңтушуна мактанды: «Көрдүңбү, мен самолётко билет алдым, чет өлкөгө иштөөгө жөнөйм». Бир айдан кийин Гуляга СМС билдирүү келет. «Мага жардам бер. Алар менин документтеримди алып коюшту. Уруп-сабап иштетип, мага кул сыяктуу мамиле жасашууда». ГуляГузелдината-энесинебултууралуубилдирди.Алармилицияга кайрылышты. Милициядан Гузел адам сатуунун курмандыгы экендигин, жардам берүү өтө оор боло тургандыгын айтышты. АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
  • 8. «Алар менин досторум жана мага жамандык каалашпайт. Алар мага жардам бергилери келип жатат». Кээде адамдар айласы кеткен учурда, карызга малынганда досчулук, тууганчылык байланыштарын пайдаланышат. Көп учурларда аларды достору, тааныштары, туугандары, кошуналары, кээде мурдагы адам сатуунун курмандыктары жалдашат. БУЛЖЕРДЕ ЭМНЕГЕДИР ...БҮДӨМҮК ОЙЛОНГУЛА
  • 9. Руслан Руслан автослесарь болуп иштөөчү. Алган эмгек акысы чакан болсо да, эң кымбат джипти минүүгө кыялданчу. Качан гана анын аталаш тууган агасы ал жактырып жүргөн үлгүдөгү автомашина айдап келгенде: «Эх, ушундай машинам болсо»  – дейт ал, суктанганын ичине батыра албай. «Каалайсыңбы, сен ал, мен белек кылам»  – дейт агасы. Руслан мындай берешендикке ишене албай турса да, машинаны алууга макул болот. Эми машинанын рулуна отурган сайын ал өзүн укмуштай сезет. Бир канча убактардан кийин баягы агасы Русланга мындай өтүнүч менен кайрылды. «Сен менин досума барып, анын устаканасында иштеп жардам бере аласыңбы?» Руслан баягыдан кийин ал агасынын кандай сунушу болсо да кабыл алууга даяр эле. Ал жумушунан бошонуп, коңшу өлкөгө иштөөгө жөнөдү. Бараары менен эле анын документтерин алып коюшту. Күн сайын акысыз 14 сааттан иштейт. Иштөө шарты оор. Кыңк этсе уруп-токмоктоп иштетишет. Ден соолугу начарлай баштады. Ошондо: «Эх, баягы машинаны албай койгонумда...» – деп ойлоду. Үч жылдан кийин ал кулдуктан кутулуп, эптеп качып үйүнө келди. Гаражын ачып караса, баягы кымбат баалуу джип машинасынын дайыны да жок. АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
  • 10. КАРАҢЫЗДАР Так болуңуздар Адам сатуунун курмандыктары эркектер, аялдар жана балдар да болушу мүмкүн. Аларды курулуштарда иштетүү үчүн, айыл чарба, үй-тиричилик жумуштарында жана секс кызматын аткартуу үчүн жалдашат. Адам сатуунун курмандыктарынын көпчүлүгү жаш келин-кыздар болушат. Соодагерлер алардын ишенчээктигинен, жумушунун жоктугунан, мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишсиздигинен пайдаланышат. Адам сатуунун курмандыктары кожоюнга карыздарынан кутулуу үчүн көп убактарда башка аялдарды жалдашат.
  • 11. Наташа Наташа чет өлкөлүккө күйөөгө чыгууга кыялданчу. Ал чет элдик эркектер ырайымдуу, жагымдуу деп ойлой турган. Чет мамлекетке барууга акчасы жок болгондуктан нике агенттигине кайрылууну чечти. Алар Наташанын сүрөтүн интернет-сайтка жайгаштырууга жардам беришти. Көп өтпөй эле Наташанын дарегине тышкы кейпи татына эркек кишинин сүрөтү менен кат келди. Аты Ричард экен. Кат алышып турушту. Тез эле Ричард Наташа менен кезигишүүнү каалаганын билдирген. Нике агенттиги болсо, Наташанын Ричард менен никелешүүгө жакшы мүмкүндүгү түзүлгөндүгүн, жол жүрүүгө байланыштуу чыгымдардын бардык милдетин өз моюндарына ала тургандыктарын айтышты. Наташа виза алып, Ричардга барууга даяр болуп калган. Кокусунан эле газетаны барактап олтурса, бир статья көзүнө чалдыгат. Анда сексуалдык эзүү үчүн аялдарды жалдоочу жашырын агенттиктердин тизмеси жарыяланыптыр. Тизмеде Наташаны Ричард менен тааныштырган агенттик да жүрөт. Наташа көргөн көзүнө ишенбей, үрөйү учту. Көрсө эч кандай Ричард деле жок экен. АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
  • 12. Эч ким кулдук эзүүгө дуушар болууга акысы жок, өмүр бою кыйналуу менен жашоо өткөрүүгө тийиш эмес. Башка бирөөлөрдүн азап чегүүсүнө көз жумбагыла. Эсиңерде болсун: адамдарды сатуунун курмандыктары арабызда эле жүрүшү мүмкүн. Алар бизге жанаша айыл чарба жумуштарында акысыз, күн-түндөп иштеп жатышкандыр, балким коомдук жайларда аялдарга өтө одоно мамиле кылуунун күбөсү болгондурсуз, ошол аял адамдарды сатуунун курмандыгы болуп жүрбөсүн. Көптөгөн аялдар адамдарды сатуунун курмандыктары болушу ыктымал жана аларды сойкулукка мажбурлашат. Зомбулукка көңүл бурбоо  – бул макул болуу дегендик. Мындайларды коргоого алгыла! Кимдир бирөөлөргө кул сыяктуу мамиле кылып жатканын байкасаңар, жергиликтүү бийликке кабарлагыла. ЖАРДАМ БЕРҮҮ ҮЧҮН КОЛ СУНГУЛА
  • 13. АРАКЕТТЕНИҢИЗ Азиз Азиз жана аялы өз квартирасында көп жылдардан бери жашашчу. Ошондуктан аларга кошуна болуп жаңы келген эркек адам шектүү өңдөнүп, ага көңүл буруп калышты. Ошол күндөн баштап Азиз эшик алдынан ары-бери өткөндө чоочун адамдарды да көп кездештирип жүрөт. Күндөрдүн биринде түнкүсүн Азизге ыйлаган аялдын үнү угулат. Эшиктин жылчыгынан караса, жаңы кошуна адам бир кызды оозун жаап уруп жатканын көрөт. Азиз тиги кишинин кызга ырайымсыз мамиле кылганын көрүп туруп чыдай албайт, бирок чоочун адамдар менен чатакташуудан да коркот. Эртеси Азиз түндөсү көргөндөрдү ойлонуп бушайман болуп чыгат. Тиги кыз ким болду экен? Ага жардам берүү колуман келеби? Азиз чынчыл, түз жүргөн адам. Анын да кызы бар. Түндөсү көргөнү тууралуу аялына айтып, экөө кеңешти да, бул иш боюнча жардамга келүүнү чечишти. Алар адам сатуу курмандыктары жөнүндө борбордук көчөлөрдүн биринде илинип турган жарыя тактасынан «Түз байланыш» кызматынын телефон номерин эстешти. Азиз «Түз байланыш» номерине чалды да, көргөн билгендеринин баарын кабарлады. «Кабарлаганыңызга рахмат, жардамдашуунун жолдорун табабыз» – деди түз байланыш менен угуп жаткандар. Азиздин жашыруун билдирүүсү ошол түнү качууга аракет кылып жабыр тарткан кыздын гана эмес, ошол квартирада зомбулук менен кармалып турган дагы 6 кыздын өмүрүн сактап калды. Кыздардын бардыгы сексуалдык эксплуатация максатында адам сатуунун курмандыгы болушкан. Азиз мындай ишке жардам бере алгандыгына ыраазы.
  • 14. 1Чет өлкөдө иштөө үчүн мага колдонуудагы паспорт жана жумуш визасы керекпи? Эгер сиз чет өлкөдө иштөөгө ниеттенсеңиз, колдонуудагы паспорт жана жумуш визасы сөзсүз керек. Бирок, колдонуудагы паспорт жана жумуш визасы сизге адам сатуу курмандыгы болбостугуңузга кепилдик боло албайт 2 «Менин эмгек келишимим даяр, адам сатуу курмандыгы болуу коркунучунан алысмын» деген – тобокелчилик. Адам сатуунун ар кандай жолдору бар. Ошондуктан эгер сиз келишимге кол койсоңуз деле, ал сиздин адам сатуу курмандыгы болбостугуңуз үчүн кепилдик боло бербейт. 3 Ар дайым сизге жумуш сунуштаган агенттиктин документтеринин, лицензиясынын, нактыгын текшергиле. Сизге жумуш сунуш кылган агенттиктин мыйзамдуулугун текшергиле. ЧЕТ ӨЛКӨДӨН ЖУМУШ ИЗДӨӨ УЧУРУНДА, ӨЗҮҢДҮ КООПСУЗДУКТАН КАНТИП САКТОО КЕРЕК? АДАМДАРДЫ САТУУДАН САК БОЛУӉУЗ!
  • 15. 4 Cuз чет өлкөдө ишке орноштурууну жөнгө салуучу мамлекеттик органдар менен байланыштыңызбы? 5Ушул брошюранын аркы бетиндеги телефондорго көңүл буруңуз. 6 Эгер Сизге кокусунан жардам же консультация керек болуп калса, Сиз барып иштөөнү пландаштырып жаткан өлкөдөгү биздин өлкөнүн Элчилигинин жана Өкүлчүлүгүнүн телефон номерлери бар. 7 Сиздин келишимдин, паспорттун көчүрмөлөрүн, ошондой эле өзүңүздүн акыркы түшкөн сүрөттөрдү үй-бүлө мүчөлөрүнө калтырууну унутпаңыз. 8 Эгерде сиз бирөөнүн кулу катары эзүүгө туш болушунан шек санасаңыз, тиешелүү органдарга токтоосуз кайрылыңыз. ЧЕТ ӨЛКӨДӨ МЫЙЗАМДУУ ТҮРДӨ ИШКЕ ОРНОШУУДА ЖОЛУҢУЗ БОЛСУН! АРАКЕТТЕНИҢИЗ
  • 16. Kөптү бил, телефон чал: 189 0 800 0000 189