3. Герб
Кыргыз Республикасынын герби Жогорку Кеңеш тарабынан
1994-жылы 14-январда бекитилген. Долбоордун авторлору – А.Абдраев,
С.Дубанаев.
Гербде символикалуу түрдө күн, тоолор, көл, талаалар, буудай
менен пахта тартылган. Башкы планда кыргыз турмушунун символу
катарыак шумкардын элеси берилген. Байыркы кыргыздарда гербдин
милдетин тамга аткарып келген. Ар бир кыргыз уруусунун өзүнүн
тамгасы болгон. Мисалы кыргыздын бугу уруусунун тамгасы жагалмай
аттуу куштун учуп бараткан элеси болгон. Кыргызстандын гербиндеги
ак шумкар өзүн-өзү коргоого жөндөмдүү жаш демократиялык
мамлекетибизди, калган сүрөттөр күнөстүү, тоолуу жерибиз
Ыссыккөл, Соңкөл, Чатыркөл өңдүү тунук көлдөрүбүз, мол
түшүмдүү айдоо аянттарыбыз, жөнүндө маалымат берет.
4. Гимн
Кыргыз Республикасынын гимни 1992-жылы 18-декабрда
Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Сөзүн Ж.Садыков,
Ш.Кулуев, музыкасын Н.Давлесов менен К.Молдобасанов
жазган.
Байыркы кыргыздарда гимндин милдетин ураан аткарып
келген. Мисалы, “Манас” эпосунда жоокерлер “Мана! Манас!”
- деп ураан чакырган. Бул кыргыз элин биримдикке үндөгөн.
Кыргыздарда 20-кылымдын башына чейин эле уруу аралык
чабыштарда, элдик оюндарда, өзгөчө ат чабыштарда ураан
чакыруу салты болгон.
Кыргызстандын мамлекеттик символдору, кыргыз
элинин кылым карыткан тарыхынан кабар берет. Аларда
кыргыз элинин муундан –муунгаөтүп келген улуу руху, бекем
биримдиги, күчтүү эрки чагылдырылган.
5. Президенттин кокурок белгиси жана Штандарт
(Знамя)
Бул буюмду бир гана Кыргызстандын
президентине тийешелуу болуп эсептелет.
Штандартта «Ак-Шумкар» ордени жана
КРнын герби жана боз уйдун тундугу жасалган.
Алтын кумуштордон жасалган кумуштун
пробасы -928, алтындын пробасы-750. Бул
зынжырчанын узундугу 108 см. ошондой эле 14
звеного юолунот.
Ортодогу болгундо орус жана кыргыз тилинде
жазылган «Эл, Жер, Биримдик», «Земля, Народ,
Единство» деген девиз менен кооздолгон.
Сынжырчанын усту жагында Президенттин
аты фамилиясы жана атасынын аты
жазылган.
Бул Штандартта Президентти кучтуулукко
жана чыдамкайлыкка ундоп турганын
далилдейт.